Иерусалимде синагогага кол салгандардын үйлөрү сүрдүрүлөт

Иерусалимде синагогага кол салган эки палестиналык жарандын үйү сүрдүрүлөт. Буга байланыштуу алардын үй-бүлөсүнө эскертүү берилди. Ушундай эле эскертүү буга чейин дагы эки үй-бүлөгө айтылган.

19-ноябрда Израил аскерлери өткөн айда эки кишини өлтүрдү деп айыпталган жарандын турагын сүрдүргөн.

18-ноябрда бычак жана балта менен куралданган эки киши Иерусалимдеги синагогага кирип барып, төрт кишини өлтүргөн. Андан бир нече киши жараланган. Полиция кол салгандарды атып өлтүргөн. (КЕ)