Ирактын премьер-министри Хайбер ал-Абади 20-ноябрь күнү түрк кесиптеши Ахмед Давутоглу менен жолуккан учурда «коопсуздук багытында маалыматтарды алмашуу боюнча келишүүбүз керек», - деп билдирди. Өз кезегинде Давутоглу согушкерлер менен күрөшүүдө Түркия жардам берүүгө даяр экенин айтты.
Ушул тапта «Ислам мамлекети» радикал уюму Ирак жана Сириянын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Ага АКШ баштаган ондогон мамлекеттер чогуу күрөшүүдө.