Ысык-Көл: Жер титирөөнүн чыгымы 120 миллион сомдон ашты

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Ысык-Көл облусундагы Тоң, Жети-Өгүз райондорундагы зилзаланын чыгымы 128 миллион 859 миң сомду түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

14-ноябрда эртең менен Ысык-Көл облусунун аймагында эки жолу жер титиреп, биринчи жолку күчү 7 баллга, экинчисинде 4 баллга жеткен.

Жер титирөөдө миңден ашык турак үй, ондогон социалдык объекттердин дубалдарында жаракалар кеткен. Азыр чыгымдарды аныктоо иштери уланууда. (TSh)