Чет элдик агент боюнча парламенттик талкуу өтүүдө

Бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу жөнүндө мыйзам долбоор боюнча парламенттик талкуу өтүп жатат. Ага Жогорку Кеңеш депутаттары, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аркылуу бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таанууну караган жаңы мыйзам долбоорунун авторлору - Жогорку Кеңештин депутаттары Нуркамил Мадалиев жана Турсунбай Бакир уулу. Мыйзамга ылайык, чет өлкөдөн каржыланган уюмдарды агент катары таанып, саясый ишмердигин чектөө каралган.

Буга чейин мындай демилгени бир катар эл аралык уюмдар жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги сындап, Жогорку Кеңешти аны кабыл албоого чакырган. (BkA)