Жабыркаган жаңгак токой

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын негизги кен байлыктарынын бири болгон токой зонасы коркунучтуу абалга кептелгенин адистер коңгуроо кагууда. Токой дарактары зыянкечтердин кучагына алынып, аны дарылоого мамлекеттик денгээлде колдоо керек. Токойдон өндүрүлгөн азыктарды жарнамалоо жана аны сактап калуу максатында Жалал-Абадда жаңгак фестивалы уюштурулду. Иш-чара жаңгакты дүйнөлүк базарга алып чыгуу максатын көздөйт.