Орусиядагы жарандык активист жана кумсалардын укугун коргоочу Кирилл Калугин Германия бийлигине баш паанек сурап кайрылды. Ал өз өмүрүн тобокелге салгысы келбегенин айтып, Орусиянын аймагынан 16-ноябрда чыгып кеткенин «Азаттыктын» орус кызматына билдирген.
Буга чейин Санкт-Петербургдагы “100 ТВ” телеканалынын журналисти Артур Ахметгалиев Германия бийлигине саясый баш калка сурап кайрылган. Ал өз репортаждарында Орусиядагы ЛГБТ коомчулугунун укуктары басмырланып жатканын байма-бай чагылдырып келген. Мындан улам ага телефон аркылуу ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр болгонун билдирген болчу. (КЕ)