Жалал-Абад: Ооруканадагы бейтап өз жанын кыйды

Жалал-Абаддагы кургак учукка каршы ооруканада дарыланып жаткан 24 жаштагы бейтап өз жанын кыйды. Бул тууралуу аталган оорукананын баш дарыгери Исамамат Арзиев билдирди. Анын айтымында, бейтап 25-ноябрда күндүз оорукананын жанындагы бакка барып асынып алган.

Ал 2001-жылдан бери кургак учуктан жабыркап, ооруканада маал-маалы менен дарыланып жүргөн. Учурда бейтаптын өлүмүн шаардык прокуратура териштирип жатат. (RsK/BkA)