Кыргызстан КМШдагы туристтик рейтингде лидерлик кылууда

КМШнын парламенттер аралык ассамблеясы жүргүзгөн интернет-сурамжылоого катышкандардын көбү Кыргызстанды туристтер үчүн ыңгайлуу өлкө деп тапты. Сурамжылоодо “Шериктештик мамлекеттердин кай бирине барып эс алууну каалайсыз?”,- деген собол коюлган.

Бул тууралуу өткөн жума соңунда Санкт-Петербургда өткөн жыйында ассамблеянын төрайымы Валентина Матвиенко билдирди. (SE)