Бажы бекеттери бекемделет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен бажы бекеттери Евразиялык экономикалык союздун талабына жараша бекемделет. Анткени Кыргызстан Бажы биримдигине, андан кийин Евразиялык экономикалык союзга кирүү ниетин билдирип келе жатат. Учурда Бажы биримдигинин тышкы чек арасы катары техникалык жактан жабдыла турган бекеттердин тизмеси аныкталды. Орусиядан бөлүнгөн каражат келери менен тиешелүү бажы өткөрмөлөрү кошумча заманбап жабдуулар менен камсыздала турган болду.