Аба ырайы: чукул эскертүү

7- декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Мындай аба ырайы мал кармоого, автоунаа кыймылына тоскоолдук жаратып, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Каракол-Эңилчек унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз .... -7…-12,
Таласта түнкүсүн -8...-13, күндүз -8...-13,
Баткенде түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…-9,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…-8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…-8,
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -8…-13 градус болот.

7-декабрда Бишкекте кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7...-9 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы -9...-11 градус болот.