Нигерияда орусиялык учак кармалды

Нигерия бийлиги кабарлагандай, кармалган орусиялык чоң учактын экипажы француз тилинде сүйлөгөн. Учак Нигериянын Кано шаарына конууга аргасыз болуп, учактын бортунан катталбаган курал-жарак табылган.

Учак Борбордук Африка Республикасынын Банги шаарынан Чаддын Нжамена шаарына учуп бараткан. Учактын бортунан эки тик учак, ок өтпөгөн жол тандабас унаа ж.б аскерий курал-жарак алынды. Учурда учактын беш экипажы кармалып, сурак жүрүп жатат. Азырынча жүктү кимдерге жеткирип баратканы белгисиз. (TSh)