Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш аймагында бүгүн таңга жуук жер титиреди. Кыргыз Сейсмология институтунун маалыматына караганда, күчү 3-3,5 баллдык силкинүүнүн очогу Кыргызстандын Кара-Шаман айылынан түштүк-чыгышты көздөй 45 чакырым алыстыкта болду.

Сейсмологдордун айтымында, Кыргызстан тарапта жердин титирегени байкалган жок. (RK)