Медведев орусиялыктары дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев орусиялыктарды дүрбөлөңгө түшпөөгө жана банктагы аманаттарын рублдин куну түшкөнүнө карабастан орус акчасында сактоого чакырды.

10-декабрда түз ободогу маегинде Медведев Украинадагы кризиске байланыштуу Батыштын Орусияга киргизген санкцияларынан улам орус рублинин куну долларга карата 40 пайызга төмөндөгөнүн билдирди.

Премьер-министр санкциялар Европа өлкөлөрү үчүн эле зыян экенин баса белгилеп, алар санкциялардын айынан 40 миллиардга жакын доллар жоготконун айтты.

Медведев ошондой эле “орусиялык эксперттердин эсеби боюнча Европа кийинки жылы дагы 50 миллиард доллар жоготууга учурайт” деп кошумчалады.

Ал рублдин куну качканына байланыштуу өкмөт пенсия жана мамлекеттик кызматкерлердин маянасын индексациялаарын убада кылды.