Лукашенко Москваны күнөөлөп, Батышты сындады

Беларус президенти Александр Лукашенко эзелки союздаштар ортосундагы соода байланышын катаалдантууда деп, Москваны күнөөлөдү.

- Биздин чыгыш агайиндерибиздин жүрүм-туруму бизди тынчсыздантпай койбойт. Бирок мен Орусия президенти менен сүйлөшкөнчө, биз эч кандай бүтүм жасабайбыз, - деди Лукашенко 16-декабрда Беларустун коопсуздук кеңешинде сүйлөп.

Ноябрдын аягында Орусия Беларустун эт жана сүт азыктарынын курамында ден соолук үчүн зыяндуу заттар бар деп, импорттоого тыюу салган. Минск ага чейин Евробиримдиктен азык-түлүк ташууга тыюу салуу жөнүндөгү Москванын өтүнүчүн укпай койгон.

Лукашенко Батышты чалгындоо ишмердигин күчөтүп жана НАТОнун Польша менен Балтика мамлекеттериндеги аскерлерин көбөйтүп, өзүнүн геосаясий максатына жетүүгө аракеттенүүдө деп сындады.