Орус рублинин туруму бир аз чыңдалды

Москвадагы акча алмашуу жай. 16-декабрь, 2014-жыл.

Москвадагы бүгүнкү соодада курс бирде көтөрүлүп, бирде түшүп, бир доллар 62-69 рублдин айланасында сатылып жатты. Бул көрсөткүч 16-декабрь “Кара шейшембиге” караганда рублдин доллар менен еврого карата туруму чыңдалды дегенди билдирет.

Орусия банкынын рублди колдоо чечимине карабай, кечээ бир доллар 80 рублга, евро 100 рублге чейин чыгып кеткен учурлар болгон. Орус акчасынын курсу Каржы министрлиги өз карамагындагы чет элдик валютаны сатууга киришерин айткандан соң көтөрүлө баштады.

Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин рублдин же орус экономикасынын абалы боюнча кандайдыр бир атайын билдирүү жасоону же чукул жыйын өткөрүүнү мерчемдеген жок.

Орусия Батыштын санкцияларына кабылып жана мунай баасы арзандаган шартта орус рубли быйыл жыл башынан бери 50% нарксызданды. (UE)