Атамбаева: Дарыгерлерди мажбурлоо туура эмес

Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогуловдун билдиришинче, Раиса Атамбаева дарыгерлерди кайрымдуулук иш-чараларына мажбурлап катыштыруу туура эмес экенин айткан.

Буга чейин айрым маалымат булактары Улуттук онкологиялык борборунун дарыгерлери Раиса Атамбаева катыша турган кайрымдуулук иш-чарасын колдоо иретинде акча төлөөгө мажбур болуп жатканын жазган. (КЕ)