Балыкчы менен Исфананын мэрлери 6-январда шайланат

Борбордук шайлоо комиссиясы Балыкчы жана Исфана шаарларынын башчыларын тандоонун датасын аныктады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей шаардык кеңештердин депутаттары мэрлерди 6-январда шайлайт.

Буга чейинки калаа башчылары өз арыздарынын негизинде 11-декабрда кызматтан кеткен. (SE)