Депутаттар Сариеванын министрликке талапкерлигин колдоду

Элвира Сариева

Жогорку Кеӊеш депутаттары 18-декабрда Билим берүү жана илим министри кызматына сунушталган Элвира Сариеванын талапкерлигин колдоду. 

Сариева социалдык блок боюнча вице-премьерлик кызматты быйыл сентябрдан бери аркалап келатат. Ал КСДП фракциясынан министрлик кызматка сунушталган соң ордуна депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлиги көрсөтүлгөн. (SE)