ИИМ Мелис Мырзакматовду издөө боюнча Интерполго кайрылды

Мелис Мырзакматов.

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыргыз милициясы Мырзакматовго байланыштуу документтердин баарын Интерполго өткөрүп берген.

- Мырзакматовду издөө боюнча Интерполго кайрылдык. Азыр алар документтер менен таанышып жатышат. Биздин өтүнүчтү кабыл алгандан кийин гана Мырзакматовго эл аралык издөө саылнат, - деди Осмонбаев.

ИИМден ырасташкандай, Оштун экс-мэри учурда Кытайда жүрүшү мүмкүн. 

Башкы прокуратура 27-ноябрда Мелис Мырзакматовго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык иш козгоп, анын негизинде Ош шаардык соту камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланган. Экс-мэрге Оштогу Навои көчөсүндөгү көпүрөнү курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир катар мыйзамдарды бузган деген айып тагылган. Мырзакматовдун тарапкерлери муну "саясий куугунтук" катары баалашууда. (UEz)