Атамбаев: ЖККУ үчүн Ооганстандагы кырдаал дале кооптуу

Президент Алмазбек Атамбаев Москвада өтүп жаткан ЖККУнун жыйынында Ооганстандагы кырдаал мурдагыдай эле уюмга кирген өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратарын билдирди.

- Эл аралык терроризм жана диний экстремизм күчөп жаткан маалда коркунучтарга каршы бирге күрөшүүбүз керек. Ооганстандагы кырдаал дале кооптуу. Тажикстандын чек арасындагы аскердик жаңжалдарды көрүп жатабыз. Андыктан ЖККУ коопсуздук багытында кызматташтыкты чыңдаш керек, - деди Атамбаев.

Бүгүн Москвада ЖККУнун кезектеги жыйыны өтүп жатат. Атамбаев ушул жыйындын алкагында өлкөнүн Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык союзуна кошулушу боюнча келишимге кол коет. ЖККУга Орусия, Казакстан, Беларус, Армения, Тажикстан жана Кыргызстан мүчө. (UEz)