Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 31 пайызга азайды

Токтогул суу сактагычы.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү учурда 9 млрд. 568 млн. метр кубду түзүүдө. Мындай маалыматты Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул көрсөткүч былтыркыдан 4269 млрд. метр кубга же 30,85 пайызга аз.

2013-жылы ушул учурда ГЭСте 13 млрд. 837 млн. метр куб суу болгон. Токтогулга секундасына агып келген суунун көлөмү 190 метр кубду түзсө, быйыл 180 метр куб. (UEz)