Бул тууралуу маркумдун жубайы, учурда Москвада жүргөн Чолпон Рахматова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө Москвадагы эмгек мигранттары, элчиликтин өкүлдөрү акча чогултуп беришкен.
Ак-Талаада туулган Кубанычбек Мамбетакунов 19-декабрда үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз кеткен. Анын сөөгү 20-декабрда өлүкканадан табылган. Милициянын маалыматында маркум жаңы жылдык кечеде ууланып өлгөн.
Маркум Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында туулган. Анын эки кыз, бир уулу Нарында ата-энесинин колунда калган. Кубанычбек Мамбетакунов эки жылдан бери Москвадагы эмерек чыгарган ишканалардын биринде иштеп жүргөн. (UEz)