Токмоктогу мунай заводу январдан тарта толук кандуу иштей баштайт

Токмоктогу мунайды кайра иштетчү завод жаңы жылдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Валерий Диль заводдун жетекчилиги менен жолугуп, аны өз убагында ишке берүүнү тапшырды.

Токмокто мунайды кайра иштетүүчү завод Кытай менен биргеликте курулууда. Ал жылына 500 миң тонна мунай өндүрүүгө ылайыкташкан.(BkA)