Бишкекте президенттик балаты өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда жаңы жылдык балаты өттү.

Майрамдык концертке Кыргызстандын аймактарынан келген 8-14 жаштагы 1100 бала катышты. Жаңы жылдык балаты “Шаттык” ансаблинин тарбиялануучулары баштаган 300гө жакын таланттуу балдардын ыр-бийи менен коштолду. (UEz)