Ниязов: кыргыз-тажик чек ара маселеси карта менен чечилбейт

Мындай пикирин Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн чек ара көйгөйү картанын негизинде эле чечилбейт, ал үчүн өз ара түшүнүшүү керек.

- Кыргыз тажик ортосунда чек ара, суу жана жайыт маселеси чечилбесе жаңжалдар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бүл үчүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүшү керек. Чек ара карта менен эмес, азыркы реалдуу абалды эске алуу менен чечилиши зарыл, - деди Ниязов.

Жыл башынан бери Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чек арасында катталган түрдүү чыр-чатактардын саны кырктан ашкан. Алардын онго жакынында ок атылган.

Жаңжалдардын 32си кыргыз-тажик, беши кыргыз-өзбек, экөө кыргыз-казак жана бирөө кыргыз-кытай чек ара тилкесинде болгон. Мындан сырткары кыргыз-тажик чек арачылары арасында үч жолу куралдуу кагылышуу болуп, онго жакын чек арачы жараат алган. (UEz)