Ниязалиева вице-премьер-министрликке дайындалды

Дамира Ниязалиеваны вице-премьер-министрликке бекиткен жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Эми ал социалдык тармакты көзөмөлдөйт.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланган.

Ниязалиева мурда Жогорку Кеңештеги социалдык саясат комитетин жетектеп келген. (МТо)