Санкт-Петербургда Болот Миңжылкиевдин айкели орнотулат

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Болот Миңжылкиевдин айкели Санкт-Петербург шаарындагы Мариинск театрынын алдында орнотулмакчы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты. Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 30-декабрдагы жыйынында аталган демилге талкууланып жактырылды.

2015-жылы маркум Болот Миңжылкиевдин 75 жылдыгы белгиленет. Ал 1940-жылы 24-апрелде Фрунзе шаарында туулган. СССР Жогорку Советинде жана Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Казакстандын эл аралык “Алтын көпүрө” сыйлыгынын лауреаты. Миңжылкиевдин ысымы Бишкектин бир көчөсүнө берилген. (TSh)