2015-жылдын бюджети тууралуу мыйзам ишке кирди

“Кыргызстандын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга мамлекет башчы 30-декабрда кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

2015-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 103 млрд. 752,7 млн. сом, чыгашасы 118 млрд. 436,0 млн. сом, дефицит 14 683,3 млн. сомду түзөт.(ZKo)