Кыргыз-кытай чек арасында үч адам кармалды

Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, кечээ, 7-январда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Эшме аймагынан кыргыз-кытай чек арасын мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч адам кармалды.

Кармалгандардын жанында эч кандай документи жок болгон. Алар Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагына караштуу Акчий ооданынын тургундары экени айтылууда. Алардын жанынан 6 даана бычак, ошол аймактардын картасы, 369 кытай акчасы жана дары дармек, азык-түлүк болгон.

Учурда бул боюнча Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги биргеликте ыкчам териштирүү иштерин башталды.

Ал эми кыргыз-кытай чек арасы күчөтүлгөн кайтарууга өттү.  (TSh)