"Наристе 2015" мелдештери аяктады

"Наристе" кубогу үчүн оюндар 1999-жылдан бери кичи футбол боюнча жаңы жылдык эл аралык мелдеш катары өткөрүлүп келет. 

Мелдешке катышкан ар бир команда взнос үчүн 6000 сомдон төлөйт. 

Наристе кубогунун оюндарына катышуу үчүн Казакстандан беш команда келген. 

35 жаштан жогорку курактагы ардагерлер арасында баш байге үчүн «Алга-Фарватер» (Казакстан) менен «Налоговик» (Кыргызстан) командалары ойноду. Оюндун негизги убакыты 2:2 эсебинде тең чыккандыктан пенальти дайындалып, 3:0 эсебинде “Налоговик” командасынын оюнчулары жеңишке жетишти. 

Мамлекеттик салык кызматынын оюнчулары эс алуу учурунда кеңешүүдө.

Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери арасындагы финалда Саламаттыкты сактоо министрлиги (сары түстөгү кийимчен) менен Мамлекеттик салык кызматынын (көк түстөгү кийимчен) командалары беттешип, 6:4 эсебинде салыкчылар жеңишти камсыздашты.

 Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарбазачысы.

45 жаштан жогоркулар арасында биринчи орун үчүн чечүүчү беттеште «Мегаком» оюнчулары «Азия Данко» командасын 3:2 эсебинде жеңди.

 Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери арасында баш байгени Чек ара кызматынын оюнчулары жеңишти. Экинчи орун ИИМ, үчүнчү орун Бажы кызматына ыйгарылды. 

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери арасында төртүнчү орунду алгандыгы үчүн УКМК командасынын өкүлүнө генерал Абдыгул Чотбаев акчалай сыйлык тапшырууда.

Жеңүүчүлөргө Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан медаль, кубоктор жана мелдештин байге фондунан акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

"Наристе 2015" кубогу үчүн ​мамлекеттик кызматкерлер арасындагы мелдештин чемпиондору мамлекеттик салык кызматынын оюнчуларына байге тапшыруу учуру.

"Наристе 2015" кубогу үчүн мамлекеттик кызматкерлер арасындагы мелдештин күмүш байгесинин ээси - Саламаттыкты сактоо министрлигинин оюнчулары. 

Кичи футбол боюнча “Наристе-2015” кубогунун мелдештери бүгүн, 8-январда аяктады. 3-январда Бишкекте башталган оюндарга Кыргызстан жана Казакстандан 46 команда катышты.