Бишкектик журналисттер Францияга көңүл айтты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкектеги он чакты массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Кыргызстандагы Франция элчилигинин алдында чогулуп, 7-январда кол салуудан улам набыт болгон “Шарли Эбдо” журналынын журналисттерин эскеришти. Анда чогулгандар Париждеги кесиптештеринин жакындарына кайгысын тең бөлүшүп, болуп өткөн окуяга кыргызстандык журналисттер дагы кайдыгер эместигин билдиришти. Алар Франция элчилигинин өкүлдөрүнө көңүл айтуу катын тапшырышты.