Франциянын президенти элди биримдикке чакырды

Франциянын президенти Франсуа Олланд 9-январда теле аркылуу кайрылуу жасап, түзүлгөн кырдаалда биримдикте болууга чакырып, сак болуу зарыл экенин белгиледи.

“Биримдик учурда эң мыкты куралыбыз, баарыбыз бөлүнүүгө каршы турушубуз керек”, - деген президент расизмге жана антисемитизмге жол берилбеш керектигин кошумчалады.

Президент кайрылууну француз полициясы "Шарли Эбдо" (Charlie Hebdo) сатиралык журналына кол салууга шектелгендер атайын операция маалында жок кылынгандан кийин жасады. (TSh)