Кыштын көркү муз тебүү менен
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда 23 лыжа базасы бар болсо, учурда алардын 17си иштеп жатат. Калгандары кардын калың түшүшүн күтүүдө. Адистер Кыргызстан кышкы туризмге ылайыктуу өлкө экенин, андыктан мамлекет бул жаатта бир катар иштерди жасашы керектигин айтып келишет. Бишкектин түштүк-чыгыш тоо тарабындагы “ЗИЛ” лыжа базасы декабрдан тарта эле эс алуучуларга өз кызматын сунуштап келүүдө. Ал жерге күнүнө 300дөй адам келип муз тебет.