Өткөн аптада Парижде болгон террордук чабуулга катышы бар деп шектелген аял 8-январда Түркиядан Сирияга өтүп кеткен.
12-январдаТүркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун өкмөттүк Анадолу агенттигине айтымында, Хаят Бумеден Стамбул аэропортуна 2-январда учуп келип, Сирияга кеткенче мейманканада турган.
Бумедендин өнөктөшү Амеди Кулибали 8-январда Парижде полицей аялды атып салган, андан бир күндөн кийин жөөттөрдүн азык-түлүк дүкөнүн басып алып, төрт адамды өлтүргөн.
Франциянын коопсуздук кызматтары Кулибалини жана 7-январда Charlie Hebdo сатиралык журналынын кеңсесинде 12 адамды өлтүргөн ага-ини Саид жана Шериф Куашинин мүмкүн болгон шериктерин издешүүдө. Бир тууган Куашилер 9-январда алар барымтага алган адамды куткаруу боюнча операция маалында өлтүрүлгөн.
11-январда жарыяланган видеодо Кулибали журналга чабуул кандай уюштурулганын түшүндүрөт. Полиция видеону тараткан жана жарыялаган адамды да издөөдө.