Казарман-Акталчат унаа жолу кар көчкүдөн улам убактылуу жабылды

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Тогуз-Торо районундагы Казарман-Акталчат унаа жолунун 82-чакырымында болжол менен 600 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылды.

Унаа жолун тазалоо үчүн бир бульдозер тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө. Кар көчкүдөн жабыркагандар жок. (UEz)