Керри Пакистанды согушкерлер менен күрөштү күчөтүүгө чакырды

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Пакистан бийликтерин бүткүл аймактын коопсуздугуна коркунуч келтирген согушкерлер менен күрөшүүгө чакырды.

13-январда Исламабаддагы маалымат жыйынында Керри Пакистандагы исламчыл согушкерлер менен күрөш бүтө электигин билдирди.

“Пакистан жана ооган талибдери, "Хаккани" тобу жана “Лашкар-и Таиба” сыяктуу террорчул уюмдар Пакистандын, коңшу өлкөлөрдүн жана АКШнын коопсуздугуна коркунуч жаратат” - деди Керри.

"Мындай топторду күчтөндүрбөй жок кылуу үчүн баарыбыз жоопкерчиликтүүбүз" деген Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы муну ишке ашыруу оор экенин белгиледи.

Жон Керри Пакистанга күтүүсүз визит менен дүйшөмбүдө келген. Ал Пакистан премьер-министри Наваз Шарифтин эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Сартаж Азиз менен жолугуп жатып, Ооганстан менен чектеш Түндүк Вазиристан аймагындагы согушкерлерге каршы операция “байкаларлык” жыйынтык алып келди деп баалады.

Муну менен катар 16-декабрда кол салуудан жабылган мектептердеги окуунун жандашына колдоосун билдирди.

16-декабрда Пешавар шаарында аскерий башкаруудагы мектепке талиптер кол салганда 150дөн ашык адам өлгөн. Алардын көбү окуучулар эле. Жон Керринин визити Пешавар жана башка шаарлардагы мектептердин ачылышына дал келди.