Тил менен ойнобойлу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тил деген да эл сыяктуу эле бирде кемип, бирде толуп турат. Сууга суу, дайрага дайра кошулгандай эле сөзгө сөз кошулуп байыйт. Ансыз тил өнүгүп-өспөйт. Бөлөк-бөтөн тилден кирген сөздөр так ошол калыбында кабыл алынбайт. Бөлөк тилден кирген сөздөр ошол тилдин тыбыштык өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүп, өз элине таандык мүнөз, сапатын жоготуп олтуруп, тигил же бул элдин тилине сиңип кеткенден кийин ошол элдин төл сөзүнө айланып калат.