Өзбекстан: Президенттикке Каримовдон башка дагы үч талапкер аттанды

Президенттикке талапкерлер Каримов менен Кетмонов.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбү күнкү отурумунда президенттик шайлоого “төрт саясий партиянын тең катышуусуна” уруксат берди.

Шайлоого Либерал-демократиялык партиядан азыркы президент Ислам Каримов аттанса, Элдик –демократиялык партия Хатамжан Кетмоновду, Социал-демократиялык "Адилет" партиясы Наримон Умаровду, Демократиялык Улуттук кайра жаралуу партиясы Акмал Саидовду көрсөттү.

Бул саясий партиялардын бири да Өзбекстандын 1990-жылдан бери башкарып жаткан Каримовдун бийлигине оппозицияда эмес.

29-марттагы шайлоодо 77 жаштагы Каримов кайра эле жеңип чыгары күтүлүүдө.

Ал эми ага атаандаш талапкерлердин көрсөтүлүшүн байкоочулар өзбек бийлигинин тыш коомчулукка өлкөдө демократия бардыгын каңкуулаган ишарасы катары сыпатташат. (UE)