Март, апрель ыңкылаптарын белгилөө боюнча комитет түзүлдү

Толкуган эл, Бишкек, 7-апрель, 2010.

Апрель ыңкылабынын беш, март ыңкылабынын 10 жылдыгын белгилөө боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Мындай буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Аны премьер-министр Жоомарт Оторбаев жетектейт.

Комитет бир ай ичинде иш-чараларды өткөрүү боюнча планды иштеп чыгып, бекитиши керек. Ал эми ага каражат табуу, даярдоо жагы өкмөткө тапшырылды.