Ысык-Көлдө өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук азайды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Маалыматка ылайык, 2014-жылга карата өспүрүмдөр арасындагы кылмыш боюнча  99 факты катталды. Бул 2013-жылга салыштырмалуу 34 фактыга аз.

"Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштын азайышы мектептерде “профилактикалык бөлмөлөрдүн” ачылышынан улам болду", дейт Усубакунов.

Кылмыштарга барган өспүрүмдөдүн көпчүлүгү уюлдук телефондорду уурдап кармалышкан. (MK)