АКШ президенти Барак Обама менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Индияда тынчтык максатта атом энергетикасын өнүктүрүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга жетишилгенин жарыялашты.
Индияда ядролук энергияны тынчтык максатта колдонууну изилдөө жана өркүндөтүү боюнча эки өлкө ортосунда принципиалдуу келишимге 2008-жылы кол коюлган. Бирок андан бери АКШ индиялыктар атомдук өндүрүштө колдонгон ажыратуучу материалдарга көзөмөл жүргүзүүнү талап кылып келген.
Делиде өлкө жетекчилеринин биргелешкен маалымат жыйынында Обама жаңы макулдашуу эки өлкө үчүн ядролук энергияны тынчтык максатта колдонууда коммерциялык негизде кызматташууга жол ачаарын белгиледи.