Сирияда Кобани шаары согушкерлерден бошотулду

Күрт күчтөрү төрт айга созулган салгылаштан соң Сириядагы Кобани шаарын өз көзөмөлүнө алды. “Ислам мамлекети” тобунун террорчуларынан шаарды тазалоодо күрттөргө АКШнын күчтөрү көмөк көрсөттү. Алар террорчул топторго абадан сокку урушту.

Түркия менен чек арадагы Кобани шаарын террорчулар өткөн жайда басып алган эле. Алар күрттөр жашаган шаарды курчап алып, тегерегиндеги күрт айылдарына тынымсыз соккуларды уруп турган. Мындан соң калаага Түркия аркылуу күрттөрдүн пешмерга күчтөрү киргизилген.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сирия укук коргоочуларынын обсерваториясы шаар учурда толугу менен террорчулардан бошотулганын кабарлады.