Болгариянын экс-президенти Желю Желев дүйнө салды

Желю Желев.

Болгариянын алгачкы президенти, мурдагы диссидент Желю Желев бүгүн 79 жаш курагында кайтыш болгонун үй-бүлөсү маалымдады.

Парламенттин спикери Цецка Цачева өлкөнү 1990-97-жылдары башкарган Желевдин демократиялык жараянга кошкон салымы дайыма эсте болорун билдирди.

Мыйзамгерлер бир мүнөт унчукпай туруп, аза күтүштү. Желев 1965-жылы Болгариянын компартиясынан сын көз караштары үчүн чыгарылган эле. Коммунизм кулагандан кийин 1989-жылы Желев оңчул Демократиялык күчтөр партиясынын төрагасы болгон.