Чыккынчы деп айыпталган орус аял абактан чыгарылды

Светлана Давыдова үй-бүлөсү менен.

Светлана Давыдованын адвокаты Сергей Бадамшиндин билдиргенине караганда, анын кардары Москвадагы Лефертово тергөө абагынан эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каттын негизинде бошотулду.

36 жаштагы Давыдова - Москвадан 240 чакырым алыстыктагы Вязьма шаарчасынын тургуну.

Жети баласы, анын ичинде эмчектеги эки айлык ымыркайы бар Давыдованы орус бийликтери мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен 21-январда камакка алышкан.

Сот аялды 19-мартка чейин абакта кармоо чечимин чыгарган.

Давыдованын жактоочулары президент Путинге кат жолдошуп, көп балалуу энени абактан чыгарууга чакырышкан болчу.

Орусиянын тергөө органдарынын болжолунда, Давыдова 2014-жылдын апрелинде Украинанын элчилигине чалып, анын үйүнөн алыс эмес жайгашкан аскер бөлүктүн жоокерлери Донбасска жөнөтүлгөн болушу мүмкүндүгүн кабарлаган.

Ал күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. (UE)