Оторбаев Бельянинов менен жолугушту

Жоомарт Оторбаев.

Бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү, соода-экономикалык кызматташууну, гуманитардык байланыштарды, ошондой эле отун-энергетикалык тармактагы кызматташуу маселелерин талкуулады.

Өкмөт башчы Оторбаев учурда Орусияда иш сапары менен жүрөт. Ал Евразиялык өкмөт аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышып жатат. (UEz)