Аксыда чек араны мыйзамсыз бузуп кирген өзбек жараны кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасы. Аксы району. Жалал-Абат облусу.

Аксы районундагы Мамай аймагында Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө чек араны бузуп өтүүгө аракет кылган өзбек жаранын 6-февраль күнү Ала-Бука чек ара отрядынын аскерлери кармашты. Анын жанында эч кандай документтери болгон эмес.

Кармалган киши Аксы райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан маалымдашты.(ZKo)