Ош шаардык билим берүү башкармалыгы калаадагы мектептерде 14- февралды майрамдоого тыюу салды. Бул тууралуу башкармалыктын башчысы Куштарбек Кимсанов "Азаттыкка" билдирди.
- 14-февраль Валентин күнүн белгилөө эч кандай мыйзамда жок. Биз Билим берүү министрлиги тарабынан чыккан буйруктарды гана аткарабыз, мындай чет элден келген жоруктар окуучулардын тарбиясына терс таасирин тийгизүүдө, - деди Кимсанов.
Мектептерде Валентин күнүнө карата сүйүшкөндөр үчүн атайын кутучалар уюштурулбайт жана башка иш-чаралардын өткөрүлбөшүнө катуу талап коюлат.
Ош мектептеринде былтыр да Валентин күнү белгиленген эмес. (ErN)