ЕБ Орусияга карата жаңы санкцияларды бекитти

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияга карата санкцияларды кеңейтүү чечимин бекитти. Мындай чечимди Еврабиримдиктин башкы дипломаттары Брюсселдеги бүгүнкү жолугушууда кабыл алышты. Бирок санкциялардын жаңы тизмеси 16-февралдан баштап күчкө кирмекчи. "Рейтерс" агенттиги маалымдагандай, Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус муну Украинанын чыгышына тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылбоо аракети менен түшүндүргөн. Фабиус мындан соңку чаралар 11-февалга белгиленген Минкстеги Франция, Германия жана Украина жана Орусиянын жетекчилигинин жолугушуусунун жыйынтыктарынан көз каранды болорун кошумчалаган.

Евробиримдиктин санкцияга Украинанын чыгышына жаңжалга тиешеси бар делген жаңы адамдар киргизилет.