Өзбекстан кыргыз жаранынын малын кайтарып берди

Кыргыз-өзбек чек арасы. Аксы району.

Жалал-Абаддын Аксы районунун тургуну өзбек чек арачыларына алдырып койгон малын кайра кайтарып алды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, коңшу мамлекеттин Янги-Курган аймагындагы чек ара өкүлчүлүгү менен сүйлөшүү жүрүп, мал түгөл кайтарылган.

6-февраль күнү Сазык айылынын тургунуна таандык бодо мал чек арадан Өзбекстанга өтүп кеткен учурда чек арачылар кармаган. (SE)