Песков: Украин учкучу Савченкону бошотуу убадасы берилген эмес

Надежда Савченко

Кремл украиналык учкуч Надежда Савченкону бошотуу боюнча эч кандай убада берген эмес. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, Савченко боюнча чечимди орус соттору гана кабыл алат.

Песков Минсктеги сүйлөшүү учурунда Германия канцлери Ангела Меркел менен Франциянын президенти Франсуа Олланд украиналык учкучту бошотуу маселесин көтөргөнүн билдирди. Бирок аларга "тийиштүү түшүндүрмөлөр" берилген.

Сүйлөшүүлөрдөн соң украин президенти Петро Порошенко Савченко жакынкы арада бошотуларын билдирген эле.

Украин армиясынын учкучу орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деп Орусияда айыпталууда.

Савченко Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер тарабынан былтыр июнда кармалып, Орусияга июлда өткөрүлүп берилген. Бирок учкуч Орусия аны мыйзамсыз кармап турганын айтып, тогуз аптадан бери ачкачылык кармап жатат.

Ушул аптада Москванын Басман райондук соту Савченконун камактагы мөөнөтүн 13-майга чейин узартты.